National Bank of the Kyrgyz Republic

08/22/2024 | Press release | Distributed by Public on 08/22/2024 04:18

«Санарип сом» долбоордук топ

Артка жылдыруу
Түзүлгөн күнү: 2024-08-22

«Санарип сом» долбоордук топ

Digital SOM Ideathon

жарыялайт

(санарип сом платформасын тестирлөө үчүн идеялар/кейстер)

Digital SOM Ideathon иш-чарасына бардык кызыкдар болгон тараптар/катышуучулар катышууга чакырылат, алар борбордук банктын санарип валютасынын (ББСВ) прототибин апробациядан өткөрүү үчүн санарип сомду тестирлөөгөдаярдоо процессинде өз сунуштары менен чечимдерин бере алышат.

Долбоордун максаты -колдонуудагы төлөм чечимдери менен инновацияларды технологиялык жактан мыкты болушун камсыз кылуу, тестирлөөбаскычында жарандардын, бизнестин, мамлекеттин жана финансы секторунун кызыкчылыктарын эске алуу.

Сунуштар төмөнкүбагыттар боюнча каралат:

- санарип сомдун башка системалар менен интеграциясы: мүмкүн болгон платформалар, протоколдор жана учурдагы системалар менен интеграция ыкмалары;

- коопсуздук жана маалыматтарды коргоо: санарип сомду колдонуу менен транзакциялардын купуялыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштар;

- колдонуучунун тажрыйбасы жана жеткиликтүүлүгү: колдонуучунун колдонуу жолун, интерфейстерди, колдонуучулардын ар кандай категориялары үчүн колдонуунун ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштар;

- эл аралык системалар менен интеграция: башка санарип валюталар жана эл аралык төлөм системалары менен өз ара аракеттенүүбоюнча идеялар;

- жана башка чечимдер.

Өтүнмөнүтөмөнкү шилтеме менен жүктөп алсаңыздар болот.

Өтүнмөберүүнүн мөөнөтү- 2024-жылдын 20-сентябры (20-сентябрды чогуу алганда), [email protected] электрондук дарегине «Санарип сомго сунуштар» темасы менен толтурулган өтүнмөформасын, бештен кем эмес слайдды камтыган презентацияны (артыкчылык берилет) жөнөтүүзарыл. Санарип сомду апробациядан өткөрүү үчүн сунушталган эңмыкты идеялар/кейстер өтүнмөээси менен талкууланат жана санарип сом платформасында тесттен өткөрүлөт.