National Bank of the Kyrgyz Republic

07/17/2024 | Press release | Distributed by Public on 07/17/2024 07:43

Абайлаңыздар: алдамчылар!

Артка жылдыруу
Түзүлгөн күнү: 2024-07-17

Абайлаңыздар: алдамчылар!

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, заманбап технологияларды колдонуу менен финансылык алдамчылыкка баруу учурлары көбөйгөндүгүн маалымдайт. Санарип индустриянын өнүгүшүменен кошо алдамчыларга дуушарлануу коркунучу да өсүүдө.

Улуттук банктын дарегине социалдык тармактар, мессенджерлер, ошондой эле жарнама жайгаштыруу сайттары жана башка платформалар аркылуу алдамчылыктан жабыр тарткан жарандардан билдирүүлөр түшүп жатат. Алдамчылар улам жаңы чыккан технологияларды, анын ичинде социалдык инженерияны (үндү өзгөртүү), кошумча телефон номерлерди, ошондой эле психологиялык манипуляция жолдорун колдонуу менен улам башка алдамчылык жолдорун табышууда.

Ушуга байланыштуу, жарандарды сак болууга чакырабыз. Эч убакта үчүнчүтараптарга жеке өзүңүзгөтаандык маалыматтарды, анын катарында уюлдук телефонунуздагы жеке маалыматтарды, банктык картаңыздын номерин, телефонуңузга жөнөтүлгөн SMS кодду ж.б бербеңиз. Текшерилбеген интернет шилтемелерди баспаңыз жана ага жеке маалыматтарды киргизбеңиз. Мессенджер аркылуу белгисиз номерден видео чалууларга жооп бербеңиз жана эч убакта видео трансляцияны кошпоңуз, анткени видео трансляция аркылуу шылуундар сиздин купуя маалыматыңыздан пайдаланышы мүмкүн. Белгисиз адамдар телефон чалган учурда алар менен сүйлөшпөңүз жана телефонду дароо өчүрүп коюңуз.

Көп учурда алдамчылар өздөрүн Улуттук банктын, коммерциялык банктын же болбосо укук коргоо же башка мамлекеттик органдардын кызматкери катары тааныштырышууда.

Эсиңизде болсун, Улуттук банк эч качан телефон аркылуу жарандардан жеке маалыматтарды, жашыруун маалыматтарды сурабайт жана акчаны «коопсуз эсепке» которуу кызматын сунуштабайт.

Мындан тышкары, Улуттук банк жарандарга банктык эсеп ачпайт, жеке адамдарды тейлебейт, калк арасында акчалай эсептешүүоперацияларын жүргүзбөйт, ошондой эле кандайдыр бир лотореяларды же утуштарды уюштурбай тургандыгын эстей жүрүңүз.

Ошондой эле, шылуундар акча уурдоо жолдорун улам өзгөртүп жаткандыгына, андыктан алар жогоруда белгиленген алдамчылык түрлөрүменен чектелбей тургандыгына көңүлүңүздөрдүбурабыз.

Эгерге сизге келген билдирүүдөн, телефон чалуудан же абоненттен күмөн санасаңыз, ал маалыматты текшерүү үчүн бейтааныш адам атап жаткан банктын/уюмдун өзүнүн гана расмий телефон номерлерине түз чалып, текшериңиз.

Урматтуу жарандар, сураныч, сак болуңуздар!