National Bank of the Kyrgyz Republic

10/28/2024 | Press release | Distributed by Public on 10/28/2024 00:14

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана ЕРӨБ вице-президенти Ишкер айымдардын финансылык жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча меморандумга кол коюшту

Артка жылдыруу
Түзүлгөн күнү: 2024-10-28

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана ЕР ӨБ вице-президенти Ишкер айымдардын финансылык жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүбоюнча меморандумга кол коюшту

2024-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев ЕР ӨБдүн саясий кызматташуу жана өнөктөштүк боюнча вице-президенти Марк Боуман мырза менен ЭВФтин жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасындагы ишкер айымдарды каржылоо программасын ишке ашырууда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүүжөнүндөмеморандумга расмий кол коюшту.

Меморандум ишкер айымдардын финансылык жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ишкер айымдарды лидерликке шыктандырып, экономикалык интеграцияга жетишүүгө өбөлгөтүзүүчүфинансылык экосистеманы түзүүгөбагытталат.

Марк Боуман мырза белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мындай кадамы аялдардын инклюзивдүү өсүүсүнө, алардын финансылык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгөшарт түзөрүн тастыктайт.

Мелис Тургунбаев өз кезегинде бул Меморандумдун маанилүүлүгүн белгилеп, кыз-келиндер жетектеген ишканаларды каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн гана эмес, адилеттүүкоом түзүү үчүн да маанилүүэкендигин кошумчалады.

«Меморандумга кол коюу айымдардын өз потенциалын ишке ашырууга дем берүүменен жаңы мүмкүнчүлүктөргөжана демилгелерге жол ачат деген ишенимдебиз», -деп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы белгиледи.