National Bank of the Kyrgyz Republic

10/28/2024 | Press release | Distributed by Public on 10/28/2024 01:25

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы ЭВФтеги Швейцария добуш берүү тобунун жана Дүйнөлүк банк тобунун отурумуна катышты

Артка жылдыруу
Түзүлгөн күнү: 2024-10-28

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы ЭВФтеги Швейцария добуш берүүтобунун жана Дүйнөлүк банк тобунун отурумуна катышты

2024-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Вашингтон шаарында өткөн ЭВФтеги Швейцария добуш берүүтобунун жана Дүйнөлүк банк тобунун отурумуна катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндөдүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана глобалдуу инфляциянын тенденциялары, ошондой эле ЭВФ өлкөлөрүнүн Швейцария тобунун алкагында мындан ары да кызматташуу келечеги талкууланды.

Бул отурумда ЭВФ өлкөлөрүнүн Швейцария тобуна кирген Лихтенштейндин ЭВФтин жаңы 191-мүчөсүкатары катышуусу аталган иш-чаранын маанилүүжаңылыгынан болду.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери ЭВФтин, ал эми 1993-жылдан бери ЭВФтеги Швейцария добуш берүүтобунун мүчөсүболуп саналат. Швейцария добуш берүүтобуна Азербайжан, Кыргызстан, Польша, Казакстан, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Швейцария сыяктуу өлкөлөр, ошондой эле 2024-жылдан тартып Лихтенштейн кирди.